Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жалал-Абадда кызамык күчөп 2 мектеп аралыктан окутууга өттү
30.10.2023 | 16:30
Жалал-Абад шаарындагы кызамыкка байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам жана К. Закиров атындагы №2 жана А. Усманов атындагы № 7 орто мектепте кызамык оорусу көп катталгандыгына байланыштуу окуу процесси убактылуу аралыктан окууга өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
“Ошондой эле Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды массалык эмдөө үчүн №063 форманын негизинде эмдөөдөн баш тарткан, же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектепте, ар бир бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом