Израилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулаштыМөңгүлөрдүн азайышы Борбордук Азия чөлкөмүн аялуу кылат – эксперттин пикири
Лейлекте мыйзамсыз дары-дармек ташыган тажик жараны кармалды
20.07.2023 | 16:59
Баткен облусунун Лейлек районунда аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды аныктап кармашты.
Тажикстандын 51 жаштагы жараны Х.А. менен Лейлек районунун тургуну Э.М. өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен. Алар дары-дармекти түн ичинде жүктөп жаткан жеринен кармалган. Шект үүлөргө иш козголуп, камакка алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал