Атайын полктун кызматкерлери 20 чакырымга жөө жүрүш жасады

Атайын полктун кызматкерлери 20 чакырымга жөө жүрүш жасады

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, полктун 1-батальонунун кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында 20 чакырым жөө жүрүш жасаган.

«ИИМдин Атайын багыттагы полкунда физикалык жактан даярдыгы күчтүү кызматкерлер кызмат өтөшөт.  Ал эми физикалык жактан күчтүү болуш үчүн күн сайын ар кандай кырдаалдарда ыкчам жана алдыга коюлган тапшырмаларды так, өз убагында аткарууда атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу полктун кызматкерлеринин бирден-бир милдети болуп саналат. Жөө жүрүштүн эң негизги максаты — жарандарыбызга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын көрсөтүү, элдин ишенимин арттырууну көздөйт», — деп белгилешти аталган полктон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>