Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Лейлекте имамга унаа белек кылышты
21.07.2024 | 10:05
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылынын имамы Уланбек Менгбаевге аталган айылдын жашоочулары Toyota Passo үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, унааны жаштар атайын демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен белек катары тартуу кылышкан.
Уланбек Менгбаев 1980-жылы Лейлек районунун Сары-Дөбө айылында төрөлгөн. Ал орто мектепти аяктаган соң эки жылдык имамдык курсунда окуган. Эмгек жолун 2019-жылы Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» мечитинин имамы болуп иштөөдөн баштаган.
2023-жылы Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары жана катчысы болуп эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, бир уул, үч кыздын атасы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар