«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулдуАла-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырды
Лейлекте имамга унаа белек кылышты
21.07.2024 | 10:05
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылынын имамы Уланбек Менгбаевге аталган айылдын жашоочулары Toyota Passo үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, унааны жаштар атайын демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен белек катары тартуу кылышкан.
Уланбек Менгбаев 1980-жылы Лейлек районунун Сары-Дөбө айылында төрөлгөн. Ал орто мектепти аяктаган соң эки жылдык имамдык курсунда окуган. Эмгек жолун 2019-жылы Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» мечитинин имамы болуп иштөөдөн баштаган.
2023-жылы Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары жана катчысы болуп эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, бир уул, үч кыздын атасы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар