Түштүктөгү мектептердин жетишсиздиги: КР президенти көйгөй кантип чечилип жатканын айтып бердиЭми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайтБишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалдыАӨБ Кыргызстанга экономиканы жеке сектордун эсебинен өнүктүрүүнү сунуштайтБишкекте 3 саатта туура эмес токтотулган 37 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилдиЖаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат
Лейлектин Мурас айылында 22 млн сомго спорт комплекс курулат
20.06.2023 | 11:30
Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылында курула турган спорт комплекстин пайдубалына капсула салуу аземи болду.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аземге 19-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты.
Айыл тургундарынын саламаттыгын чыңдоодо курула турган спорт комплексинин мааниси чоң экенин белгилеген депутат Камила Талиева: “Имаратты тез арада бүткөрүп, пайдаланууга берүү зарыл”, – деди.
Белгилей кетсек, спорт комплексинин курулушуна мамлекеттен жалпы 22 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Мындан тышкары эл өкүлү жергиликтүү тургундар менен да жолугушуп, социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөрдү талкуулады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом