Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Лейлектин Мурас айылында 22 млн сомго спорт комплекс курулат
20.06.2023 | 11:30
Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылында курула турган спорт комплекстин пайдубалына капсула салуу аземи болду.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аземге 19-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты.
Айыл тургундарынын саламаттыгын чыңдоодо курула турган спорт комплексинин мааниси чоң экенин белгилеген депутат Камила Талиева: “Имаратты тез арада бүткөрүп, пайдаланууга берүү зарыл”, – деди.
Белгилей кетсек, спорт комплексинин курулушуна мамлекеттен жалпы 22 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Мындан тышкары эл өкүлү жергиликтүү тургундар менен да жолугушуп, социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөрдү талкуулады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом