Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду. Милиция эмне дейт?

Таласта баасы 2 млн сом болгон үйүр жылкы жоголду. Милиция эмне дейт?

Таластын Көпүрө-Базар айылындагы Кумбел жайлоосунда баасы 2-2,5 млн сомдук бир үйүр жылкы — 19 баш жылкы 13 кулуну менен жоголду. Бул боюнча Reporter.kg’ге жылкылардын ээси Бактыбек Малабеков кайрылып, коомчулуктан мал-жандыгын табууга жардам берүүнү сурады.

Бактыбек Малабековдун айтымында, жылкылары май айынын аягында жоголгон. Ал 28-майда жайытка барып, жылкыларын түгөлдөп кеткен. Арадан үч күн өткөндөн кийин 31-майда кайра малды караганы барганда жылкыларын таппай калган. Үйүрдө 17 бээ, бир байтал, бир айгыр, 13 кулун, жалпы 32 баш болгон. Ошондой эле, үч бооз бээ жакынкы арада туумак. Үйүрдөгү айгыр менен алты бээ жээрде кашка, төртөө кара, экиден кара кашка, тору, карагер бээлер, бир боз (көк) жана бир сары бээ болгон.

Бактыбек Малабеков жылкылары уурдалган болушу мүмкүн деп ойлойт. Ал Көпүрө-Базар айылы Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкендиктен, жылкылар коңшу мамлекетке чыгарылып кеткен деп да күмөн саноодо.

Баасы 2-2,5 млн сомдук бир үйүр жылкысы жок болуп жатканын айткан Бактыбек Малабеков милиция кызмактерлеринен издөө иштерин активдүү жүргүзүүсүн суранат.

Ошондой эле, ал коомчулукка кайрылып, жылкыларын көргөн-билген же табууга жардам бере турган маалыматы бар адамдардан көмөк сурайт. Жылкыларын табууга жардам берген адамга сүйүнчү катары үйүрдөн бир бээ берилет.

Жоголгон жылкылар тууралуу маалыматы бар адамдар 0771 88 55 84, 0222 45 87 84 же 0220 09 43 65 номерине байланышса болот.

Милиция эмне дейт?

Бул окуя боюнча Reporter.kg облустук милициянын басма сөз кызматына кайрылды. Алар билдиргендей, 4-июнда Талас райондук милициясына 39 жаштагы Көпүрө-Базар айылынын тургуну Бактыбек Малабеков кайрылган. Ал 28-майдан кийин Кумбел жайлоосунан 19 жылкы жана 13 кулуну бар бир үйүр жылкысын таппай жатканын билдирген.

Жерине милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, аныктагандай, Көпүрө-Базар айылынан чыгыш тарапта 22 чакырым алыстыкта жылкылардын ээси Малабековдордун сарайы жайгашкан. Андан түндүк-чыгыш тарапта бир нече чакырым аралыкта Кумбел жайлоосу жайгашып, жылкылар аталган жайлоодо жайылып жүргөн. 2023-жылын 28-майында Бактыбек Малабеков жылкыларын түгөлдөп кеткен. Анда шек жараткан эч нерсе байкаган эмес. 31-майда болжол менен саат 11:00до мал түгөлдөгөнү барып, жылкыларын таппай калган.

Аталган факт боюнча Бактыбек Малабековдун атасы Үсөнбек Малабеков милицияга арыз жазып, жылкыларын издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Натыйжада аларга 1 млн 810 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул окуя боюнча 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

«Талас райондук милициянын башчысынын ​ буйругу менен аталган кылмыш иштин бетин ачуу максатында өздүк курамдын кызматкерлеринен турган​ тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, иш-мерчемдер түзүлгөн.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына, Талас облустук жана райондук кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнө тергөө тапшырмалары берилген», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, милициядан белгилешкендей, Кыргызстандын аймактык ички иштер органдарына, Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнө жана Жамбыл облусунун полиция департаментине багыттамалар берилген.

«Азыркы күнү аталган кылмыштын бетин ачып, кылмышка тиешелүү адамдардын өздүгүн тактоо максатында тергөө-ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Милиция учурда издөө иштери жүрүп жатканын, жыйынтык болорун белгилешти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>