Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы аяктайтЖээнбек Кулубаев ЕККУнун башкы катчысы менен аскердик-саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматтыштыкты талкууладыЖогорку айлык жана «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчисинин кайтып келиши. Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирлери
Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына экспресс каттамдар уюштурулат
16.04.2025 | 13:10
Май майрамдарына карата 1-майдан 11-майга Ала-Арча жаратылыш паркына чейин газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары экспресс автобус каттамына чыгарылат. Бул тууралуу муниципалитет маалымдады.
Жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.
Белгиленгендей, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.
Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.
Рубрики: Жаңылыктар