Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маекАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилди
Биология боюнча Борбор Азия олимпиадасында кыргыз окуучулары 10 медаль алышты
15.05.2024 | 19:00
Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда биология сабагы боюнча өткөн CABO-2024 олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 10 медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Балдар 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты:
- Алтын медаль – Улукбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
- Күмүш медаль – Нурсултан Увалиев, К.Карасаев атындагы Каракол лицейи; Байзак Карыпжанов, «Манас-Ата»Талас лицейи; Умар Эргешов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
- Коло медаль – Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи; Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская Бишкек шаарындагы American-European мектебинен; Арсений Виноградов жана Элхан Акимов Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинен.
11-12-майда өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинде Кыргызстандан 27 окуучу катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим