Чүйдө кыз киши маршруткадан 134,5 миң сомун уурдатып алган

Чүйдө кыз киши маршруткадан 134,5 миң сомун уурдатып алган

Чүйдө акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-майда милицияга 28 жаштагы кыз киши арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, ошол эле күнү Төмүнкү Ала-Арча айылында №192 маршруттук унаада баратканда, белгисиз адамдар күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 900 доллар (79,5 мин сом) жана 55 миң сом салынган капчыгын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык зыян 134,5 миң сомду түзгөн.

Аталган фактыга байланыштуу “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары мурда чөнтөк уурулугу үчүн бир нече жолу соттолгон 33 жаштагы Б.Н. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда шектүүнүн Чүй менен Бишкектеги чөнтөк уурулуктарына катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Шектүү Б.Н.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>