Кыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маекАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилдиКыргызстанда чакан жана орто бизнес 2025-жылы ИДПнын жарымын түздүОш шаарында үч өспүрүм ЖОЖдун студенттерин сабоого шектелип кармалышты«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт
Аба-ырайы: нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрөт
15.05.2024 | 20:16
16-18-май күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Нөшөрлүү жаан күтүлүп жаткандыктан, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертип, селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.
Бишкек шаарында дагы 16-17-майда жаан жаайт. Абанын температурасы +18, +28 градус болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом