Атазовдун мандаты Муртазалиевге берилбейт. БШК президентке шайлоо өткөрүүнү сунуштады

Атазовдун мандаты Муртазалиевге берилбейт. БШК президентке шайлоо өткөрүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоону белгилөө сунушу менен президентке кайрылат. Мындай чечим БШКнын бүгүн, 15-майда болгон жыйынында кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 27-февралда Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болгон. Анда шайлоону Абдурахман Муртазалиев утуп, Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алуу фактысы боюнча кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) милициянын материалдарына таянып, Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болгон. Бирок Муртазалиев милиция кармаган адамдарга тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Ал БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок бардык инстанциядагы соттор анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Быйыл 21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Ал кайрылуусунда милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотундагы териштирүүдө аныкталганын билдирген. Ал соттун чечими 2022-жылы 16-майда чыккан. БШК кайрылууну 22-февралда карап, аны канааттандырган эмес.

Мындан улам Токтакунова Бишкектин административдик сотуна БШКнын 22-февралдагы чечимин жокко чыгарууну өтүнүп кайрылган.

Марттын башында административдик сот арызды карап, Борбордук шайлоо комиссиянын 22-февралдагы чечимин жокко чыгарган. Ошондой эле сот БШКны 2022-жылдагы Муртазалиев боюнча чечимин жокко чыгарууну жана депутат деп таанууну милдеттендирген. Кийин шаардык сот аталган чечимди күчүндө калтырган.

Бирок 30-апрелде Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимине өзгөртүү киргизген: мурдагы чечимдеги «БШК Абдурахман Муртазалиевди депутат деп таанууга милдеттендирилсин» деген бөлүгү алынып салынган. Тактап айтканда, Жогорку соттун чечимине ылайык, Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратуу каралган. Ал эми анын мандатын Абдурахман Муртазалиевге берүү же бербей коюу маселесин БШК өз алдынча чече турган болгон.

7-майда БШК Атазовдун мандатын алган. Ошол эле учурда мандатты Муртазалиевге берген эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>