Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
Майлуу-Сууда жылкы уурдоого шектүү кармалды
19.05.2023 | 14:00
Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында мал уурдоого шектүу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык милицияга 78 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 5-апрелде жайытта жүргөн бир баш жылкысын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткен.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 43 жаштагы Д.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз