Ошто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды
Нарынга 76 млн сомго электр автобустар сатып алынат
19.05.2023 | 13:30
Быйыл Нарын шаарына 76 млн сомго электр энергиясы менен жүргөн автобустар сатып алынат. Бул тууралуу Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов 18-майда Нарын шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
“Нарын шаарына электр автобустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган. Бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта 5 автобус келчү каражатка 7 автобус келет экен. Биз эле эмес, Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат”, – деп билдирди облус башчысы.
Белгилүү болгондой, быйыл Нарын шаарына электр энергия менен жүргөн автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 76 млн сом бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом