Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору алмашты
16.02.2024 | 22:29
Алмазбек Примов Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
«Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Примов Алмазбек Абдыакимович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган агенттикти Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар