Кыргызстан гранттык каражатка 120 тез жардам унаасын сатып алат

Кыргызстан гранттык каражатка 120 тез жардам унаасын сатып алат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-февралда Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва шаарында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту.

Министрликтен маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн тез жардам унааларын сатып алууну камтыган жаңы долбоорду талкуулашты.

Министр Евразиялык Фондго Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти. Автоунааларды сатып алуу Кыргызстандагы тез медициналык жардам системасын жакшыртууга маанилүү салым болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>