Италияда кыргыз жарандарын ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Италияда кыргыз жарандарын ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын ыйгарым укуктуу министри, эмгек жана социалдык саясат министринин дипломатиялык кеңешчиси Микеле Чекки менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда элчи Т.Базарбаев маектеши менен Италияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын социалдык жактан камсыздоо маселелерин талкуулады. Тараптар эки мамлекеттин компетенттүү органдарына социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүү үчүн активдүү көмөк көрсөтүүнү макулдашты.

Ошону менен бирге Кыргызстан менен Италиянын миграция чөйрөсүндөгү кызматташуусу, анын ичинде Италиянын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Ыйгарым укуктуу министри М.Чекки миграция чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын активдүү өнүгүшүнө канааттангандыгын, ошондой эле Кыргызстандан Италияга эмгек миграциясы жаатында натыйжалуу саясатты ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: италия ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>