7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Айбек Мамыралиев Монополияга каршы кызматын бир күн жетектеди
07.09.2023 | 18:51
Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.
Ал эми кечээ, 6-сентябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган Айбек Мамыралиев аталган ведомствонун төрагасынын орун басары болду.
Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, ордун бошотуп берген. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын башкарып турду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат