БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве өлкөдөгү миссиясын аяктадыКРСУ жана «Газпром-Медиа» жеке бренд жана медиакоммуникация боюнча курсту ишке киргиздиБишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталдыЖКда үч жылга соттолгон балдар нефрологунун ишин кайра кароо сунушталды«Кыргызстан Кореяны артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт»: Садыр Жапаров президент Ли Чжэ Мён менен жолуктуМектеп окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча текшерүү башталды
Айбек Мамыралиев Монополияга каршы кызматын бир күн жетектеди
07.09.2023 | 18:51
Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.
Ал эми кечээ, 6-сентябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган Айбек Мамыралиев аталган ведомствонун төрагасынын орун басары болду.
Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, ордун бошотуп берген. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын башкарып турду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат