31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирди
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы төрага дайындалды
06.09.2023 | 22:21
Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, ордун бошотуп берген. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын башкарып турду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар