«Манас» аэропорту Саламаттык сактоо министрлигине 1,5 млн сом плазмаферезин сатып алууга каржылык жардам көрсөттү

«Манас» аэропорту Саламаттык сактоо министрлигине 1,5 млн сом плазмаферезин сатып алууга каржылык жардам көрсөттү

”Манас” эл аралык аэропорту Саламаттык сактоо министрлигине 1 миллион 780 миң сом суммасына “Гемос-ПФ” плазмаферезин сатып алууга финансылык жардам көрсөттү. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

“Гемос-ПФ” плазмаферези бейтаптардын канын экстракорпоралдык тазалоо процедураларын жүргүзүү үчүн арналат жана акыркы эл аралык стандарттарга жооп берет, ал эми аны Кыргызстандын ооруканаларында пайдалануу кымбат баалуу медикаменттердин сарпталышын азайтып, бейтаптардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө көпкө чейин калуусун жана жалпы дарылоо мөөнөтүн кыскартып, өлүмдүүлүктү азайтууга көмөктөшөт.

Бүгүнкү күнгө карата “Гемос” аппараты КМШнын 780ден ашык медициналык уюмдарында колдонулат, бул дарылоонун жогорку натыйжалуулугунан кабар берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>