Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Мушкер Зафарбек Камалов Азия чемпионатында күмүш утту
07.05.2024 | 09:50
Кыргызстандык мушкер Зафарбек Камалов Астана шаарында (Казакстан) 18 жашка чейинки жаш уландар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 51 кг чейинки салмакта күч сынашты. Ал алгач 1/8 финалда тажикстандык мушкерди, чейрек финалда ирандыкты, андан соң жарым финалда монголиялык спортчуну жеңди.
Алтын үчүн беттеште индиялык мушкерге жеңилип, жыйынтыгында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Эскерте кетсек, Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында 54 кг салмакта Амантур Жумаев да күмүш тагынды.