“Манас” аэропортунан жайында кайсы өлкөлөргө учууга болот? Тизме

07.06.2022 | 12:39

“Манас эл аралык аэропорту” ААКтын маалымат кызматы ушул жылдын жай айларында жарандар Бишкек шаарынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учса болорун айтып, каттамдардын тизмесин жарыялады.

Казакстан 

Алматы — Бишкек — Алматы. Air Astana авиакомпаниясы күн сайын каттайт;

Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан. Air Astana авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;

Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан. FlyArystan авиакомпаниясы 18-июлдан тартып дүйшөмбү күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда;

Алматы — Бишкек — Алматы. Avia Traffic Company авиакомпаниясы 13-июлдан тартып күн сайын учууну пландаштырууда.

Өзбекстан 

Ташкент — Бишкек — Ташкент. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү.
Түркия 
Стамбул — Бишкек — Стамбул. Turkish Airlines авиакомпаниясы күнүгө бир нече каттам, жумасына 16 каттам аткарууну пландаштырууда;

Анталья — Бишкек — Анталья. Turkish Airlines авиакомпаниясы 3-июндан баштап шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү учууда;

Стамбул — Бишкек — Стамбул. Pegasus Airlines авиакомпаниясы жумасына 14 каттам;

Анталья — Бишкек — Анталья. Pegasus Airlines авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү;

Даламан — Бишкек — Даламан Pegasus Airlines авиакомпаниясы 28-июндан тарта шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

БАЭ

Дубай — Бишкек — Дубай. Flydubai авиакомпаниясы күн сайын;

Шарджа — Бишкек — Шарджа. Air Arabia авиакомпаниясы, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат, 17-июндан тартып дүйшөмбү жана ишемби күндөрү эки каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда.

Кувейт 

Кувейт — Бишкек — Кувейт. Jazeera Airways авиакомпаниясы шаршемби жана жума күндөрү.

Монголия 

Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор. Hunnu Air авиакомпаниясы, шейшемби жана ишемби күндөрү.

Иран 

Мешхед — Бишкек — Мешхед. Varesh Airlines авиакомпаниясы бейшемби күнү.

Кытай 

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү. China Southern Airlines авиакомпаниясы 21-июндан тартып шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

Россия 

Москва — Бишкек — Москва. “Аэрофлот” авиакомпаниясы жумасына 14 каттам аткарууну пландаштырууда;

Москва — Бишкек — Москва. “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы, күн сайын;

Бишкек — Москва — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы күн сайын;

Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург. “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү. 7-июндан тартып шейшемби жана бейшемби күндөрү эки каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда;

Самара — Бишкек — Самара. “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы бейшемби күнү;

Сочи — Бишкек — Сочи. “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы жекшемби күнү;

Иркутск — Бишкек — Иркутск. “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы жекшемби күнү;

Новосибирск — Бишкек — Новосибирск. “Сибирь” авиакомпаниясы күн сайын;

Бишкек — Новосибирск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы шейшемби жана жума күндөрү;

Бишкек — Иркутск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы бейшемби күнү;

Бишкек — Казань — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы дүйшөмбү күнү;

Бишкек — Красноярск — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы шейшемби күнү;

Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек. Avia Traffic Company авиакомпаниясы ишемби күнү;

Тюмень — Бишкек — Тюмень. “Северный ветер” авиакомпаниясы ишемби күнү.

Scroll to Top