Министр Базарбаев: Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө эмгек мигранты бар

Министр Базарбаев: Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө эмгек мигранты бар

Кыргызстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар. Бул тууралуу “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” форумунда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө 181 миллиондон ашык эмгек мигранттары бар. Алар жалпы агымдын 60 проценттен ашыгын түзөт.

«Кыргызстанда миграция 3 миллион адамдын тагдырына таасирин тийгизет – булар эмгек мигранттары, алардын балдары жана үй-бүлөлөрү. Кыргыз Республикасындагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдө бирден кем эмес эмгек мигранты бар. Мигранттардын негизги курагы 18 жаштан 45 жашка чейин», — дейт Кудайберген Базарбаев.

Аткаминер акыркы жылдардагы тенденциялардын бири катары тышкы миграцияда аялдардын саны өсүп жатканын, алардын саны эркектердин санынан кыйла ашып жатканын белгиледи. Мигрант аялдардын саны жалпы сандын 43-48 пайызын түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>