Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Милиция кылмыш ишин козгоду

Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Милиция кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча козголду. Ошондой эле, аталган иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Буга чейин 6-июнда “Ала-Тоо” аквапаркынын бассейнине бала чөгүп кеткендиги тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин жана шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Милиция кызматкерлери “Ала-Тоо” аквапаркына №95 мектептин кызматкерлери, 3-класстын окуучулары ата-энелери менен эс алуу үчүн барганы тууралуу маалымат алышкан.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №95 мектептин башталгыч классынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышкан. Сууга түшүп жаткан учурда бир окуучу чөгүп кеткен.

“Мэриянын билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн, акимиаттын жана профсоюздук комитетинин өкүлдөрү киришти. Комиссия аталган окуяны териштирип, мектептин кызматкерлеринин жоопкерчилигинин деңгээлин аныкташат”, — деп маалымдаган мэрия.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Аквапарк

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>