Өкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылды
“Манас” аэропортунда аял киши 1,9 млн сомдук зер буюмдар менен кармалды
09.04.2024 | 11:51
«Манас» аэропортунда алтындан жасалган зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кармалган аял Стамбулдан учуп келген. Ал чынжыр, билерик сыяктуу алтын зер буюмдарды кийиминин ичине катып, алып өтүүгө аракет кылган. Салмагы 373,10 грамм болгон жалпы 24 зер буюм алынган. Анын орточо баасы 1 млн 905 миң сомду түзөт.
Аталган факт каттоого алынып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом