Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин бул кызматты Рыскелди Мусаев аркалап келген.
Марат Иманкулов 2011-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.