8-май: Коронавирус 416 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

8-май: Коронавирус 416 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 416 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4454 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 246;
Ош шаарында – 10;
Чүй облусунда – 110;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 0;
Нарын облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 25;
Жалал-Абад облусунда – 15;
Баткен облусунда – 2.

Ошондой эле инфекция 7 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 308 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 98 миң 79 адамдан аныкталды. Анын ичинен 91 миң 267 бейтап айыгып, 1 миң 649 киши каза болду.

 

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>