Бүгүн Путин менен Рахмон тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды талкуулашат

Бүгүн Путин менен Рахмон тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путин жана анын тажик кесиптеши Эмомали Рахмон бүгүн, 8-майда Москвадагы жолугушууда тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды талкуулашат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

«Регионалдык актуалдуу көйгөйлөр, анын ичинде Афганистандын айланасындагы кырдаал жана тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды турукташтырууну камсыз кылуу боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда», — деп билдиришкен Кремлден.

Буга чейин, Орусиянын лидеринин пресс-катчысы Дмитрий Песков буга чейин Рахмондун Москвага сапары Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы абал курчуп кете электе эле макулдашылгандыгын билдирген.

Ошондой эле лидерлер соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыктын абалын жана келечегин, коронавирус инфекциясынын жайылышына биргелешип каршы туруу маселелерин талкуулашары айтылат.

9-майда Эмомали Рахмон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган Кызыл аянтта өтүүчү аскердик парадга дагы катышат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>