Медер Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Абакиров АКШга элчи болуп жөнөтүлгөн Айбек Молдогазиевдин ордуна орун басар болду.