Токтогул ГЭСинин курулушу үчүн компенсацияны беш эсе көбөйтүү сунушталуудаКөкпар боюнча мелдештердин 2-күнүнүн жыйынтыгы: Кыргызстан менен Казакстан алдыдаДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын конокторунун назарына: Кырчын жайлоосунда транспорт кезектеринен кантип качуу керекЭми салыктык кызматтарды банктардын мобилдик тиркемелеринен алууга болотБишкек — Талас 2100 сомдон башталат: Asman Airlines кошумча каттамдарды киргизүүдөДепутат омбудсмен үчүн курактык чекти 40 жашка чейин көтөрүүнү сунуштоодо
Прокуратура: Милиционерлер 2 жаранды кыйноого алып, 500 миң сом талап кылган
15.01.2025 | 17:43
Бишкекте Аскер прокуратурасы жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан милиция кызматкери кыйноо жана пара талап кылуу фактылары боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Кармалган милиционер С.А. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында ыкчам кызматкер болуп иштейт. Ал 2024-жылы сентябрда өзүнүн кесиптештери менен бирге эки жаранды (К.А. жана А.Н.) кыйноого алып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн 500 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка милиция кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.