Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылатКыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмашты
Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат
03.04.2023 | 11:23
Биринчи класска мектепке электрондук каттоо ушул жылдын 10-апрелинде эрте менен саат 09:00дө башталат.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.
Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.
10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом