Бишкек ШИИБдин башчысына каршы митинг өтүп жатат — видео

Бишкек ШИИБдин башчысына каршы митинг өтүп жатат — видео

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алтында ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өтүп жатат.

Акцияга «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова, активисттер жана шаар тургундары катышууда. Алар Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Ал эми Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев митингге чыккан активисттер менен жолугушуу учурунда кызматтан өз каалоосу менен кетпей турганын билдирип, сүйлөгөн сөзү үчүн коомчулуктан кечирим сурады. 

Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.

Ногойбаевдин бул сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган. ИИМ Азамат Ногойбаевдин айткан сөздөрүнө байланыштуу кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>