Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаеванын катышуусунда мектепке чейинки билим берүү системасында каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоонун жүрүшүнө арналган мекемелер аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Отурумда катышуучулар ваучерлерди берүү процессинин негизги аспектилерин, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдагы балдарды аныктоонун тартибин жана алардын ваучерди алууга арыздарын кароону талкуулашкан.
Отурумдун жүрүшүндө ведомстволор аралык топтун көчмө ишинин алкагында келип түшкөн өтүнмөлөр боюнча маалыматтар берилип, пилоттук апробацияга тартылган объекттердин санитардык жана өрткө каршы абалына тиешелүү корутундуларды инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулган.
Ошондой эле каттоо жана тамактанууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу менен байланышкан талаш учурлар, ошондой эле, тактап айтканда Ош облусунун Араван району жана Талас облусу боюнча, пилоттук райондорду тактоо жана квоталарды бөлүштүрүү маселелери өзүнчө каралган.
«Катышуучулар калк жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Аймактык жумушчу топтор жөнүндө жобонун долбоору талкууланды, анда алардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары жөнгө салынат. Жүргүзүлүп жаткан иштер пилоттук долбоорду туруктуу ишке ашыруу жана аны мүмкүн болушунча масштабдоо үчүн негиз түзөт»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул долбоор Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтомунун негизинде ишке ашууда.