«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Орусиянын премьер-лигасында ойнойт
26.05.2025 | 12:03
Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов кийинки сезондо Орусиянын премьер-лигасында ойнойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.
Кыргызстандык оюнчу ойноп жаткан Москва шаарындагы “Торпедо” клубу Биринчи лигада экинчи орунду ээлеп, орус футболунун жогорку дивизионуна чыккан.
“Торпедо” командасы акыркы ирет Орусия премьер-лигасында 2022/2023-жылкы сезондо ойногон.
Гүлжигит Алыкулов “Торпедо” клубуна январь айында кошулган. Москва клубу менен келишими 2027-жылдын аягына чейин түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт