Мектептерде “Акыркы коңгуроо” качан өтөрү айтылды

10.05.2023 | 15:19

Мектептерде бүтүрүүчүлөр үчүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койгон.

“Буйрукка ылайык, “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда саат 09:00дө бардык билим берүү уюмдарында өтөт. Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат”, – деп айтылат маалыматта.

“Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

– райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;

– билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

“Эскертүү, буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт”, – деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top