Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Майлуу-Сууда аял кишини урган шектүү кармалды
10.05.2023 | 15:44
Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында сүйлөшкөн кызын урган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык милицияга 42 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 20-февралга караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити уруп денесине залал келтирген.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалган. Ал Токтогул районунан кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз