Мектептерде «Акыркы коңгуроо» качан өтөрү айтылды

Мектептерде «Акыркы коңгуроо» качан өтөрү айтылды

Мектептерде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты 25-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка билим берүү министри Каныбек Иманалиев кол койгон.

«Буйрукка ылайык, «Акыркы коңгуроо» салтанаты 25-майда саат 09:00дө бардык билим берүү уюмдарында өтөт. Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат», — деп айтылат маалыматта.

«Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

— райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;

— билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

«Эскертүү, буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>