Мелис Мырзакматов Стамбул шаарына учуп кетти

28.10.2020 | 15:41

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Түркиянын Стамбул шаарына учуп кетти. Бул тууралуу “Репортёрго” журналист Манас Осмон билдирди.

Маалымматка караганда, Мызакматов жеке иштери менен 27-октябрь күнү учуп кеткен.

“Мелис Мырзакматов саясий куугунтукка кабылгандан кийин 6 жыл Стамбул шаарында жашап, ишкерлик менен алкетенип үлкөн компаниянын жооптуу кызматын аркалады. Ал жакта анын үй-бүлөсү, дос-чары бар дегендей. Эми ал өзүнүн жушутарын бир жаңсыл кылып, кайра 10 күн ичинде үй-бүлөсү менен өлкөгө кайтып келет”, – деди Осмонов.

Манас Осмон ошондой эле, Мырзакматов өлкөгө келгенден кийин өзүн колдогон калың катмар менен макулдашып, андан кийин саясий багытын аныктай тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, экс-мэр Мелис Мырзакматов 7-октябрда Түркиядан Ош шаарына кайтып келген.

Ош шаардык жана облустук соту экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жактоочуларынын даттануусун карап, иштин курамында кылмыш жок деп, аны актоо чечимин чыгарган. 19-октябрда Жогорку Сот шаардык жана облустук сот чыгарган өкүмдөрдү күчүндө калтырган.

Scroll to Top