Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Мэрия алдындагы түзүмдөрдөгү жаңы жылдык иш-чараларга чектөө киргизди
24.11.2025 | 10:00
Бишкек мэриясы кол алдындагы мекемелерде жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, мындай чечим негизсиз чыгымдарды кыскартууга жана жаңы жыл алдында коомдук тартипти сактоого багытталган. Бир гана кызматкерлерди куттуктоо жана жыл жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу сыяктуу расмий иш-чараларга уруксат берилет.
Белгиленгендей, мындай жолугушуулар административдик имараттардын ичинде, иш форматында гана өткөрүлүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом