Баңгизат сатууга шектүүнүн үйүнөн кызык арсенал табылды — фото

24.11.2025 | 10:16

Чуй облусунун Москва районундагы Садовое айылында баңгизат жана курал-жарак сатууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чуй ОИИБдин басма соз кызматы маалымдады.

Баңгизат сатууга шектүүнүн үйүнөн кызык арсенал табылды — фото — Новости Кыргызстана

13-ноябрда Москва РИИБине Садовое айылынын тургуну, «Р» деген каймана ат менен белгилуу болгон эркек киши баңгизат колдонуп, уйундо наркотик жана курал-жарак сактап жатат деген маалымат тушкон.

Окуя боюнча 59 жаштагы У.Р. кармалып, анын уйундо тинтуу жүргүзулду. Натыйжада эки пакетке салынган кара куурай жыттанган күрөңгү зат (138 жана 102 грамм), баңгизат тартууга арналган колго жасалган түтүкчө, пластик бутылка, колго жасалган тапанча, мылтыктын обрези, граната, 8 ок-дарылар, бир патрон, бир гильза, коробкадагы порох жана эки бычак табылып, далил катары алынды.

Баңгизат сатууга шектүүнүн үйүнөн кызык арсенал табылды — фото — Новости Кыргызстана
Баңгизат сатууга шектүүнүн үйүнөн кызык арсенал табылды — фото — Новости Кыргызстана

Фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо (сатуу максатында эмес)» жана «Курал-жаракты жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери менен кылмыш иштери козголду.

Шектуу камакка алынды. Терго уланууда.

Scroll to Top