Жубайлары чет өлкөлүк кыргызстандык мигранттар башка өлкөнүн жарандыгын алган балдарына дароо беш жылдык виза берүүнү суранууда. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Эгерде ата-энесинин бири Кыргызстандын жараны болсо, анда алардын баласынын жашоо шарты чектелбеши керек», — деди депутат.