Ошто ОИИБнин жетекчилиги милициянын ардагеринен кабар алды

Ошто ОИИБнин жетекчилиги милициянын ардагеринен кабар алды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Ош шаарында жашаган 71 жаштагы милициянын ардагери Сулайман Маматовдун үйүнө барып, андан кабар алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сулайман Маматов 1952-жылы туулган. Эмгек жолун 1982-жылы Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчү кызматынан баштап, 1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

«Ал эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн шарты катаал, кыш мезгили дээрлик 6 айга созулган Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында өтөгөн.

Ардагерлер — кыргыз милициясынын өсүп-өнүгүшүнө, коопсуздуктун сакталышына жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо зор салым кошуп, тажрыйба менен бөлүшүп келишет. Калкыбыздын коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана  милициянын аброюн көтөрүп, элибиздин ишенимин артырууда жасаган эмгектери зор», — деп белгилешти облустук милицядан.

Өз кезегинде ардагер Сулайман Маматов милициянын бугүнкү күндө аткарып жаткан иштерине ичи жылып, ички иштер органынын ардагери болгонуна сыймыктанаарын айтып, ыраазычылык билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>