БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Милиция жаш жигитти таш менен уруп, муунткан адамды издөөдө (видео)
07.07.2023 | 18:31
Социалдык тармактарга бир жаран жаш жигитти таш менен уруп, муунтуп жатканы тартылган видео тарады.
Видео менен бөлүшкөндөр окуя бүгүн, 7-июлда болжол менен саат 14:00до Бишкектин Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун жазышты.
Октябрь райондук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, аталган окуя каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.
Учурда окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
Милициядан белгилешкендей, бул окуя боюнча Октябрь райондук милициясына эч ким арыз менен кайрылган эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз