УКМК Камчы Көлбаевдин тобундагы дагы бир адамды кармады (видео)

УКМК Камчы Көлбаевдин тобундагы дагы бир адамды кармады (видео)

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү акча опузалоого шектелип кармалды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Н.С.Т. аттуу адам 2021-жылы сентябрь айында өлкө жаранын коркутуп, «Мерседес S500» унаасын жана 17 миң доллар акчасын тартып алган.

Шектүү катары кармалган Н.С.Т. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Ал мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 6-июлда УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Чач» каймана аты менен таанымал Эрнис Мурзахметов кармалганын кабарлаган.

УКМКнын «Чач» аттуу кримтөбөлдү кармаган видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>