Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштү
Министр Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды
30.09.2022 | 22:24
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Ал сот залына кирип бара жатып “пара” делген акча каражаты билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты.
Ошондой эле эч кандай күнөөсү жоктугун, пара албагандыгын, бардык далилдерди тергөөдө көрсөтүп берээрин, тынчсызданууга себеп жок экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шектелип кармалган. Анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу ишине байланыштуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат