ИИМ: Бейшеналиев 37,5 миң доллар параны кайтарды

ИИМ: Бейшеналиев 37,5 миң доллар параны кайтарды

Билим берүү жана илим министрине карата ири өлчөмдөгү пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иши уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМге келип түшкөн жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан билим берүү жана илим министри ири өлчөмдө пара алуу учурунда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, министр «чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек,  токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем» деп 100 миң доллар алган.

«Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110 миң миң доллар пара катарында алгандыгы тастыкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, министр калган сумманы иштетип жибергенин айткан. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алган. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет.

30-сентябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып Алмазбек Бейшеналиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Ошол эле учурда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин, тергөөдө бардыгын далилдеп берээрин журналисттерге билдирди.

Ал сот залына кирип бара жатып «пара» делген акча каражаты билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты.

Эскерте кетсек, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шектелип кармалган.  Анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу ишине байланыштуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Министр Бейшеналиев «пара» делген акча тууралуу айтып берди (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>