Бишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификацияладыЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашышты
Министрлик 80 миң мугалимге ноутбуктарды алып берүүнү пландоодо
29.05.2024 | 11:29
Билим берүү жана илим министрлиги 80 миң мектеп мугалимине ноутбуктарды алып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Ноутбуктар “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында сатып алынат.
Министрлик ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрдү коммерциялык сунуштар менен edu@mail.gov.kg почтасына кайрылууларын өтүнөт. Сунуштар 7-июнь саат 17:00го чейин кабыл алынат.
Толук маалымат министрликтин сайтынан алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом