ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Министрлик 80 миң мугалимге ноутбуктарды алып берүүнү пландоодо
29.05.2024 | 11:29
Билим берүү жана илим министрлиги 80 миң мектеп мугалимине ноутбуктарды алып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Ноутбуктар “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында сатып алынат.
Министрлик ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрдү коммерциялык сунуштар менен [email protected] почтасына кайрылууларын өтүнөт. Сунуштар 7-июнь саат 17:00го чейин кабыл алынат.
Толук маалымат министрликтин сайтынан алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом